Тажик президенти Эмомали Рахмон Орусияга барды

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстан президенти Эмомали Рахмон. Архив.

Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы 8-майда Эмомали Рахмон жумушчу сапары менен Москвага барганын кабарлады. Рахмон орус лидери Владимир Путин менен жолугат.

“Рахмондун визитинде Путин менен жолугушуусу жана Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) учурдагы жетекчиси катары 9-майда Москванын Кызыл аянтындагы Улуу Жеңиш майрамынын 76-жылдыгына арналган аскердик парадга катышары күтүлүүдө”, - деп айтылат билдирдүүдө.

Буга чейин Рахмондун пресс-катчысы Абдуфаттох Шарифзода президент Путин менен кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды дагы талкууларын билдирген.

“Тажикстан жана Кыргызстан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) мүчөлөрү. Андыктан чек арадагы жаңжал дагы талкууланат”, - деген Шарифзода.

Буга чейин ТАСС жаңылыктар агенттиги Кремлдин өкүлү Дмитрий Песковго шилтеме берип, Рахмон менен Путиндин сүйлөшүүлөрү кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыкканга чейин эле пландалганын жазган. Песков анда кыргыз президенти Садыр Жапаров Москвага келбей турганын айткан.

Кыргыз президентинин пресс-катчысы Галина Байтерек болсо Садыр Жапаров пандемиядан улам Москвага барбай турганын билдирген.

28-30-апрель күндөрү жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 190го жакыны жараат алды. Дүйшөмбү 6-майда бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.

Кыргызстан менен Тажикстандын расмий өкүлдөрү 1-майга карата түнү ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууга кол коюшкан. (TSh)

Дагы караңыз

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму “Sinopharm" вакцинасын каттадыЫсык-Көлдө каза болгон кишинин уу коргошун ичкени кабарлануудаБаткен: жаңжалда каза болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн турак жай курулатЖалал-Абадда алты жаштагы бала сууга агып кеттиМарат Иманкулов Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалдыCOVID-19: алты бейтап көз жумду, 416 адамдан жаңы аныкталдыБайден Путин менен жолугууга даяр экенин ырастады