Ысык-Көлдө каза болгон кишинин уу коргошун ичкени кабарланууда

Уу коргошундун базарда сатылып жаткан тамыры. Бишкек. Апрель 2021-жыл.

6-майда Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын 60 жаштагы тургуну Чолпон-Ата аймактык ооруканасына оор абалда түшкөн.

Дарыгерлердин аракетине карабай бейтап эсине келбей каза болгон. Маркумдун жакындары милицияга ал ооруп, уу коргошун ичкенин айтып беришкен. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Аталган факт Ысык-Көл райондук милициясынын маалымат электрондук журналына катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин бул окуяга юридикалык баа берилет.

16-апрелде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын дарылыкка колдонуп жатканын билдирген. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин айткан.

Министр тундурманы президент Садыр Жапаров экөө даярдап, дарыгерлерди чакырып, аларга дарылоону үйрөтүп жатканын кошумчалаган. 20-апрелде уу коргошунга ууланган төрт бейтап оор абалда ооруканага жеткирилген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана бир катар адистер коронавируска каршы дарылоодо уу коргошундун (аконит) пайдасы далилденбегенин эскертишкен. (KS)

Дагы караңыз

Баткен: жаңжалда каза болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн турак жай курулатЖалал-Абадда алты жаштагы бала сууга агып кеттиАба ырайы: Бишкекте жамгыр, тоолордо кар жаайтМарат Иманкулов Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалдыCOVID-19: алты бейтап көз жумду, 416 адамдан жаңы аныкталдыБайден Путин менен жолугууга даяр экенин ырастадыУКМК кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу экенин маалымдады