COVID-19: алты бейтап көз жумду, 416 адамдан жаңы аныкталды

Илдетке каршы республикалык штабдын 8-майда берген маалыматы.

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы алты бейтап жумду. Алар Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында.

Илдетке каршы республикалык штаб кабарлагандай, 8-майга карата 416 адамдан оору жаңы аныкталды. Мурда ооругандардан 308 киши айыкты.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондордун саны расмий эсепте 1649га жетти.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий эсепте 40 миңдей киши вакцина алды.

Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өкмөт эл аралык COVAX прогроммасынын алкагында британ-швециялык "AstraZeneca" вакцинасы да келерин билдирген.

Илдетти жугузуп алгандардын жалпы расмий саны 98 079, айыккандар 91 267 кишини түздү.

Дагы караңыз

Чек ара: Тажикстандык студенттер өлкөдөн чыгарылганбы? УКМК кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу экенин маалымдадыЧек арадагы жаңжалды милициянын 52 тергөө тобу иликтөөдөБизнес-акыйкатчы: Кумтөргө байланыштуу мыйзам инвестициялык абалга терс таасир этет