Чек арадагы жаңжалды милициянын 52 тергөө тобу иликтөөдө

Баткен. ИИМ тараткан сүрөт.

Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймактарындагы куралдуу жаңжалды иликтөө жана чыгымдарды эсептөө үчүн Ички иштер министрлигинин 52 ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

“Өлкөнүн бардык аймактарынан жөнөтүлгөн топтор чыгымды тактоо менен бирге тажик тараптын курал колдонгону жөнүндө далилдерди документтештирип, чогултуп жатат”, - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 8-май саат тогуз жарымдагы маалыматка караганда, абал туруктуу, түндө чыр-чатак катталган жок.

Баткен облусунун аймагында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин “Шер” атайын багыттагы, Чек ара кызматынын “Бөрү” атайын багыттагы курамы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

28-30-апрель күндөрү жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 190го жакыны жараат алды. Дүйшөмбү 6-майда чек-арада 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады. (TSh)

Дагы караңыз

Меценат жана коомдук ишмер Ташкул Керексизов каза болдуУКМК кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу экенин маалымдадыСот “Кумтөр” ишканасына 261 млрд сом мамлекетке төлөөнү милдеттендирди