"Актөбө" футбол клубу коронавируска каршы эмделгендерди гана беттешке киргизет

Актөбөдөгү футболдук беттеш

Казакстандагы "Актөбө" футболдук клубунун беттештери өткөн жергиликтүү стадионго коронавируска каршы эмделген гана күйөрмандар киргизилет. Мындай билдирүү клубдун социалдык тармактардагы баракчаларына жарыяланды.

"Актөбө" клубу стадиондун алдына эмдөө үчүн автобустарды уюштуруп, күйөрмандарды жапырт вакцина алууга чакырды. Бул эреже футбол клубунун айрым күйөрмандарын нааразы кылды. Алар муну адам укугун басмырлоо катары баалап жатышат.

Казакстанда коронавируска каршы вакцинация 1-февралда башталган. Азыркыга чейин 460 миң киши же жалпы калктын 2,3 пайызы вакцинанын эки дозасын алды.

Дагы караңыз

Ооганстан: АКШ коопсуздук үчүн учактарды тарттыЖурналист Канат Каниметов өзүнө кылмыш иши козголгонун билдирдиОшМУ: Тажикстандык студенттер 26-апрелден тарта аралыктан окууга кеткен Самаркандек-Мадиген-Даркум автожолун куруу башталды Бекзоддун изги тилектери орундалбай калды...