Жамгырдан улам Ош шаарында таза суу берүү токтотулду

Ак-Буура. Жамгырдан кийинки көрүнүшү. Архивдеги сүрөт. 2012-жыл.

Ош шаарында нөшөрлүү жаандан улам таза суу берүү убактылуу токтотулду. Мэриянын басма сөз кызматы тоо тараптагы жылгалардан сел жүргөндүктөн Ак-Буура дарыясы ылайланганын билдирди.

Азырынча шаар тургундарына качан суу берилери белгисиз. Ош суу чарба ишканасы жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранды.

Ош шаарында 300 миңден ашуун суу колдонуучу расмий катталган. Калаа тургундарына таза суу Ак-Буура дарыясынан ачык суу сактагыч ыкмасы менен берилет. Катуу жамгыр жааганда дарыя ылайланып, элге суу берүү токтотулат. Кээде 2-3 күн суу жок болот.

Подкаст угуңуз

"Кызмат жоош болууга да, куу болууга үйрөттү""Тилден уят сөздөрдү чийип салуу мүмкүн эмес"Көйгөйүн простатитке шылтаган эркектерАйыз жөнүндө ачык кепКызды басмырлаган ысымдар"Уулум трансгендер. Мен аны колдойм"Назира Айтбекова: коомдун тепкиси мени сындырганАйперинин айыл философиясыБорченов: "61 кет" дегениме өкүнөм