Чүйдө уурдалды деп изделип жаткан кыз байланышка чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Аламүдүн районунда уурдалды деп эки күндөн бери изделип жаткан кыз ата-энесинен кечирим сурады. “Кактус медиа” сайты жарыялаган тасмада ал ала качууга кабылбаганын, сүйгөн жигитине өз каалоосу менен барганын айтып берген.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы 26-жаштагы кызды 5-майда түнкү саат 11лерде Лебединовка айылындагы супермаркеттин жанынан белгисиз кишилер "Тойота-Эстима" автоунаасына салып кеткенин кабарлаган.

Милицияга 6-майга караган түнү кыздын сиңдиси арыз жазганы маалым болгон.

Күч кызматкерлери кызды уурдады деп айтылып жаткан эркектин тек-жайын тактаган. (MiK)

Дагы караңыз

FIDH эл аралык коомчулукту чек арадагы кооганы иликтөөгө чакырдыБишкек жана Оштогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу сунушталдыЧек ара: Кыргызстан Тажикстан менен биргелешкен билдирүүнү жарыялады Жогорку Кеңеш чек арадагы кооганы жабык талкуулап жатат7-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат