Блинкен: Вашингтон Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдойт

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба. 6-май, 2021-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 6-майда Киевге барды.

Ал Украинага барган президент Жо Байдендин администрациясынын алгачкы жогорку даражалуу өкүлү. Байден Вашингтон Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана төбөлсүздүгүн колдорун дагы бир жолу ырастады.

Блинкен бир күндүк сапарынын алкагында президент Владимир Зеленский, тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба жана украин парламентинин депутаттары, жарандык лидерлери менен жолугушат.

Зеленский АКШдан Украинанын НАТОго кошулушун колдогон чечкиндүү кадамдарды күтөрүн билдирди.

5-майда Мамлекеттик департамент жарыялаган билдирүүдө 2014-жылдан бери АКШ Украинага 4,6 миллиарддан доллардан көп жардам көрсөткөнү жазылган.

Билдирүүдө ошондой эле Кошмо Штаттар Донбасс менен Крымды Украинанын бөлүгү деп эсептей турганы белгиленип, Орусияны жарым аралды Киевге кайтарып берүүгө чакырык ташталган.

Дагы караңыз

Польша,Украина жана Балтика өлкөлөрү декларацияга кол коюштуБритания «Чоң жетиден» чечкиндүү кадамдарды күтөтБУУ чыр-чатактарда жарандык калкты коргоого чакырды