Кадамжайда 15 жаштагы кыз изделүүдө

Баткен облустук милициясы сунуш кылган сүрөт

Баткендин Кадамжай районунун Ынтымак айылынын 15 жаштагы тургуну Мадина Мыктыбек кызы изделүүдө.

Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, ал 4-май күнү түш ченде үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Издөө ишин райондук милиция жүргүзүүдө.

Мадина үйдөн чыкканда ак түстөгү водолазка, кара шым, кара бут кийим кийип жүргөн. Бою - 150-160 см.

Милиция сүрөттөгү кызды көргөн-билгендерден маалымат беришин суранат.

Дагы караңыз

COVID-19: Индияда бир күндүк көрсөткүч жогоруладыЧек ара кызматы укук коргоочу Чупиктин айткандарын четке кактыТүркмөнстанда согуштун ардагерлери өздөрүнө белек алуу үчүн акча чогултуштуБишкек жана Оштогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу сунушталдыМуфтияттагы чырдан кийинки маанай