Садыр Жапаров: чек ара чечилмейинче Тажикстанга барбайм

Садыр Жапаров 6-майда Баткенге жумушчу сапар менен барды.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткенде Маргун айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди.

Жапаров 6-майда аталган облуска жумушчу сапар менен барды. "Азаттыктын" Баткен облусунда жүргөн кабарчысы президенттин жолугушууларын сүрөт-видеого тартууга тыюу салынганын билдирди. Ага ылайык, күзөтчүлөр журналисттерге, жайкын тургундарга Жапаровдун тургундар менен жолугушууларын сүрөт-видеого тарттырбай жатат жана тартылган сүрөттөрдү өчүртүп салышты.

Буга чейин Жапаровдун Тажикстанга сапары май айынын экинчи жарымына белгиленген эле.

Ал 5-майда “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү” жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, бул максатта премьер-министр төрагалык кылган мамлекеттик комиссия түзүлөт жана аталган облуста президенттин атайын өкүлү дайындалат.

28-30-апрель жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды.

Тажикстанда 20 киши көз жумганын, 90дой киши жарадар экенин "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлаган. Айрым кыштактарда турак-жайлар талкаланган.

Дагы караңыз

Улукбек Марипов: Министрлер кабинети күнү-түнү иштейтЖогорку Кеңеш Баткендеги чек ара коогасын талкуулайт Чек ара кызматы укук коргоочу Чупиктин айткандарын четке кактыЖеңиш Молдокматов ИИМден сурактан чыга элек Коронавирустан дагы үч бейтап каза болду, 320 кишиге оору жукту