Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун прокурорлору акча талап кылууга шектелген блогер Отабек Сатторини 11 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүндү. Музрабад райондук сотунда 4-майда өткөн отурумда айыпталуучу күнөөсүн моюнуна албай турганын билдирди. Сот 10-майда улана турган болду.
“Telegram” жана “YouTube” каналдары аркылуу «Эл пикири» деген видеоблог алып барган 40 жаштагы Саттори жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сындап жүргөн. Ал 30-январда Термез шаарында опузалап акча талап кылууга шек саналып кармалган. Марттын башында блогерге «Ушак таратуу» жана «Кемсинтүү» беренелери боюнча жаңы айыптар тагылганы кабарланган.
Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар бийликти Отабек Сатторини эркиндикке чыгарууга үндөшкөн. Алар блогерге каршы кылмыш иштери коррупциялык көрүнүштөрдү жашыруу максатында “ойдон чыгарылган” деп эсептешет.
“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун “Дүйнөдөгү медиа эркиндиги” индексинде Өзбекстан 180 өлкөнүн ичинен 156-орунда турат.
Дагы караңыз
Жеңиш Молдокматовду ИИМге суракка чакырыштыТажик бийлиги чек ара жаңжалында Исфаранын 10 тургуну өлгөнүн ырастадыШвейцариядагы кыргыз жарандары БУУнун алдына акцияга чыгыштыМинистрлер кабинетинин мүчөлөрү дайындалдыӨкмөт Министрлер кабинети болуп кайра түзүлдү