Швейцариядагы кыргыз жарандары БУУнун алдына акцияга чыгышты

БУУнун Женевадагы кеңсесинин алдындагы кыргызстандыктардын акциясы. 5-май, 2021-жыл. Булак: Чолпон Орозобекова.

5-майда Швейцарияда жашаган бир нече кыргызстандык Бириккен Улуттар Уюмунун Женева шаарындагы имаратынын алдына чогулуп, эл аралык коомчулукту кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалга көңүл бурууга чакырышты. Акциянын катышуучулары колдоруна «Тажикистандын жай тургундарга каршы курал колдонушу согуштук кылмыш болуп саналат!», «Чек ара чатактары тынчтык жолу менен гана чечилсин!», «Эл аралык иликтөө жүрүшүн талап кылабыз!», «БУУ, ЕККУдан эл аралык иликтөө талап кылабыз!», «Курал колдонууга жол жок!» деген жазууларды кармап турушту.

Акциянын уюштуруучуларынын бири Чолпон Орозобекованын айтымында, катышуучулар “Amnesty International” жана “Human Rights Watch” укук коргоо уюмдарына да кайрылып, аларды соңку чатакты тыкыр иликтеп, кагылышуунун хронологиясын түзүп чыгууга үндөштү.

«Швейцариядагы кыргызстандыктар жай тургундарга каршы оор куралдардын колдонулушун кескин сынга алабыз. Бул оор кылмыш болуп саналат. Мындай куралдуу кагылыш кайталанбашы үчүн эл аралык иликтөө керек. Ошондой эле БУУ, ЕККУ жана Евробиримдик баш болгон эл аралык коомчулуктан жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүүгө, эң башкысы Тажикстан жана Кыргызстандын ортосундагы суу жана чек ара маселелеринин тынчтык жолу, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу чечилишине салым кошууга чакырабыз», - деди Чолпон Орозобекова.

Дагы караңыз Италиядагы кыргызстандыктар акцияга чыгышты

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку чек ара чатагына эл аралык коомчулуктун көңүл бурууга чакырган акциялар 2-майда Британиянын баш калаасы Лондондо, Германиянын Берлин, Гамбург, Франкфурт жана Мюнхен шаарларында, 3-майда АКШнын Нью-Йорк, Сан-Франциско шаарларында, 4-майда Италиянын баш калаасы Римде да өткөн.

28-30-апрелде жана 1-майда болгон, ондогон адамдардын өмүрүн алган чек ара чатагы боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын Башкы прокуратуралары бири-бирин «агрессияга барды» деп айыпташты.

Дагы караңыз

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү дайындалдыБаткенде президенттин атайын өкүлү дайындалатЧек арадагы айылдарды калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик комиссия түзүлөтCOVID-19: Кыргызстанда 36 миңден ашык адам вакцина алдыӨкмөт 10-май - жумуш күнү экенин билдирдиМишель Бачелет чек ара чырында каза болгон кыргызстандыктар үчүн терең кайгыруусун билдирдиПутин менен Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы кооганы талкуулайт