Өкмөт 10-май - жумуш күнү экенин билдирди

Кыргыз өкмөтү 10-май - кадимкидей иш күнү экенин билдирди. Буга чейин 9-май жекшембиге туш келгендиктен, 10-майда эс алуу болору айтылган эле.

Адатта Кыргызстанда майрам жекшембиге туш келсе, анын эртеси эс алуу күнү жарыяланат. Бул ирет кыргызстандыктар 10-майдын эсебинен 30-августта - Эгемендик майрамынын алдында эс алышат.

Май - Кыргызстанда майрамдар эң көп болгон ай. 1-май - Эмгекчилердин тилектештигинин күнү, 5-май - Конституция күнү, 9-май - Жеңиш майрамы. Бул жылы Орозо айт майрамы да 13 же 14-майга туш келүүдө.

Подкаст угуңуз

Назира Айтбекова: коомдун тепкиси мени сындырган"Кызмат жоош болууга да, куу болууга үйрөттү"Кыргыздар&Киргиздер – талаш жараткан тамгаАйыз жөнүндө ачык кепКөйгөйүн простатитке шылтаган эркектерИликтөөчү кыздардын ийгилиги