Кыргызстанга беш мобилдик мультидиагностикалык клиника келди

Кыргызстанга беш мобилдик мультидиагностикалык клиника келди. 5-майдагы расмий кабарга ылайык, клиника норвегиялык "NORMECA AS" компаниянын буйрутмасы менен Түркияда чогултулуп, Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган.

Мобилдик клиника "Ford" маркасындагы оор жүк ташуучу автоунааларга тиркелген. Анын базасында компьютердик томография, УЗИ, маммограф, рентген, гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиограф сыяктуу медициналык жабдууларды камтыган диагностика бөлүмү, биохимиялык жана башка анализдер үчүн лабораториялык жабдуулар жана операциялык бөлүм бар.

Бул клиникалар республиканын айыл-кыштактарында жана алыскы райондорунда медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталат.

Дагы караңыз

Иликтөөчү кыздар: Журналисттик принциптен тайбайбыз«Эркектер көп учурда тукумсуз экенин сезбейт»"Кызмат жоош болууга да, куу болууга үйрөттү""Тилден уят сөздөрдү чийип салуу мүмкүн эмес"Көйгөйүн простатитке шылтаган эркектер