Ооган бийлиги өлкө түштүгүндөгү Гильменд провинциясында талибдердин соңку 24 сааттын ичиндеги чабуулунун мизин кайтарганын жарыялады.
Провинциянын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Аттаулла Афган 4-майда билдиргендей, "Талибан" кыймылы дүйшөмбү күнү региондун борбору Лашкаргахка бир нече тараптан чабуул койгон. Айрым көзөмөл пункттары талибдердин колуна өтүп кеткен.
Бирок ооган армиясы аба соккулары жана атайын даярдыктагы аскерлердин жардамы менен козголоңчуларды артка сүрүп чыгарган. Ошентсе да кагылышуулар 4-майда да уланып жатканы кабарланды.
Буга чейин Ооганстандын Коргоо министрлиги соңку күндөрү кеминде алты провинцияда талибдердин чабуулдары күчөгөнүн билдирген.
Дагы караңыз Ооганстанда "Талибандын" чабуулу күч алдыӨкмөттүк күчтөр менен “Талибан” кыймылынын мындай кагылышуулары АКШ 1-майда өз аскерлерин Ооганстандан чыгаруу жараянын баштаган учурга туш келди. Эки күн мурда америкалыктар Гильменддеги бир базаны ооган коопсуздук күчтөрүнө өткөрүп берген.
Президент Жо Байдендин буйругунун негизинде 2,5 миңдей америкалык аскер ооган жергесинен 11-сентябрга чейин толук чыгып кетиши керек.
Ооганстандын ичинде да, сыртында бул чечимди кубаттагандар да, анын кесепетин эскерткендер да бар. Айрымдар чет өлкөлүк күчтөр өлкөдөн толугу менен чыгып кетсе, талибдер кайра бийликти басым алышы мүмкүндүгүн эскертип жатышат.
Дагы караңыз
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалКастыктан күлү асманга учкан Достук айылыЭвересттеги Эдуард Кубатов: Тоо мени “кабыл алды” Жаңжал учурундагы президенттердин кадамыБритания «Чоң жетиден» чечкиндүү кадамдарды күтөт27 жыл чогуу өмүр сүргөн Билл Гейтс менен Мелинда Гэйтс ажырашууну чечти