Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу жасайт. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, иш-чарага бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңеш депутаттары жана коомдук-саясий ишмерлер катышат.
"Пандемияга байланыштуу чакырылгандар коронавируска карата ПЧР-анализ тапшырышты, иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулуп жатат. Кайрылууну Коомдук телеканал түз көрсөтөт", деп айтылат маалымат.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 30-апрелде жыйынга чогулуп, Конституция тууралуу референдумдун жыйынтыгын бекиткен.
Ага ылайык, референдумга добуш берчү жарандардын жалпы саны 3 606 201ди түзгөн. Анын 36,66 % (1 322 124) шайлоого катышкан. Добуш бергендердин 79,32% (1 048 660) Кыргызстанда президенттик башкаруу системасын кайра орното турган Конституциянын долбоорун колдогон. Калган 13,72 % (181 370) каршы добуш берген.
Буга чейин жаңы Баш мыйзам кабыл алынса бийликтин бир колго топтолушуна жол ачат деген сын-доомат айтылган. Конституциялык реформаны жактагандар Кыргызстанда 10-январдагы референдумда шайлоочулардын 80% президенттик башкаруу системасын колдошконун, ага жараша жаңы Баш мыйзам иштелип чыкканын белгилеп келишет.
Дагы караңыз
Жаңжал учурундагы президенттердин кадамыЖапаровдун ишин караган Бакирова сотторду башкаратАбдыганы Эркебаев: Чек ара маселесин акыл менен чечүү керекОоганстанда "Талибандын" чабуулу күч алды Бишкек-Дүйшөмбү: Чек араны чечүү айласы