Ооганстандагы селден 14 адам өлдү

Ооганстандын Парван провинциясындагы суу каптоодон кийинки жагдай, 26-август 2020-жыл.

Ооганстандын батышындагы Герат провинциясында катуу жамгырдан кийинки сел кеминде 14 адамдын өмүрүн жалмады. Провинциянын губернаторунун басма сөз катчысы Жаилани Фархад 4-майда билдиргендей, бир күн мурда Адраскан районун каптаган селден каза болгондордун арасында төрт өспүрүм бар. Каза тапкан эки кишинин тек-жайы аныкталбай жатат.

Гераттагы башка эки райондо да сел жүргөнү кабарланганы менен андан кандай зыян келгени айтыла элек. Соңку эки күн ичинде провинциянын көпчүлүк аймактарында катуу жамгыр жааган.

Ооганстандын аймактарында маал-маалы менен сезондук суу каптоо катталып турат. Анын кесепетинен турак жайлар, айдоо аянттары жана коомдук инфраструктура зыян келген учурлар көп болот.

Былтыр август айында Ооганстандын 13 провинциясындагы катуу нөшөрдөн кийинки селден 150дөн ашуун адам каза тапкан.

2019-жылдагы суу каптоо Ооганстанда 180 миңдей адамдын турмуш-тиричилигине кедергисин тийгизип, 10 миңдей турак жайды кыйраткан.

Дагы караңыз

АКШдагы кыргызстандыктар БУУнун алдына акцияга чыгыштыИндияда COVID-19га чалдыккандардын расмий саны 20 миллиондон аштыЭмчектеги баласын ала албай жүргөн келин президентке кайрылдыЖогорку сот Равшан Сабировдун ишин кайра кароого жөнөттү Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө макам берүү үчүн документ даярдадыМехико метросундагы кырсыктан кеминде 20 адам мерт болду