"Кылым шамы": чек арада жабыркагандар психологго муктаж

Чек арадагы куралдуу жаңжалда үйү күйгөн жаран. Арка айылы, 2-май, 2021-жыл.

Баткенде чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган айылдардын тургундары психологго муктаж болууда. Бул тууралуу аймакта эл менен жолугушуп, көйгөйлөрүн угуп жүргөн "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун өкүлдөрү билдиришти.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова да бул тууралуу 4-майдагы брифингде айтып, 20 адис аймакка жөнөтүлгөнүн маалымдады.

Ошондой эле "Кылым шамы" уюму аймакта электр энергиясы өчүп калгандыктан, чек арачыларга чөнтөк телефонду дүрмөттөөчү (заряд) повербэнк зарыл экенин кабарлады.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев куралдуу кагылышта зым карагайларга жана электр чордондорго зыян тийип, электр энергиясын жеткирүүдө маселе болуп жатканын "Азаттыкка" 3-майда айткан.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны 36га жетип, 189 киши жараат алды. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады. Баткен жана Лейлек райондорунда бери дегенде 11 айылда турак жайлар талкаланып, өрттөлдү.

Тажикстандын өкмөтү жабыркагандардын жана курмандыктардын саны тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.

Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары чек арадагы коогага байланыштуу кылмыш иштерин козгошту.

Дагы караңыз

Ооганстанда "Талибандын" чабуулу күч алды Коронавирустан соңку бир суткада дагы сегиз адам өлдүЭкспертиза Айзада Канатбекованын өлүмүнүн жаңы жагдайын аныктадыАктивист Токтонасыров ЕККУнун кеңсесинин алдына пикетке чыктыЧек ара жаңжалы: Ооруканаларда 100 киши жатат