Президент Садыр Жапаров Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефондон сүйлөштү. Президенттин басма сөз кызматы анда эки өлкөнүн алака-катышы тууралуу пикир алышканын кабарлады.
Сүйлөшүүдө "жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарларын уюштуруу, экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу сыяктуу маселелер көтөрүлдү" деп айтылат.
Ошондой эле тараптар эл аралык жана аймактык актуалдуу маселелерди ортого салышкан.
Дагы караңыз
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалӨкмөт Баткен облусуна өзгөчө макам берүү үчүн документ даярдадыЖогорку сот Равшан Сабировдун ишин кайра кароого жөнөттү АКШдагы кыргызстандыктар БУУнун алдына акцияга чыгыштыАк-Татырда снаряддарды зыянсыздандыруу башталды