Ак-Татырда снаряддарды зыянсыздандыруу башталды

Баткен районундагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Боз аймагында Коргоо министрлигинин сапёрлору жарылбай калган снаряддарды таап, аларды зыянсыздандырууну баштады. Бул тууралуу Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы кабарлады. Орган мындан улам жергиликтүү тургундарды эгер жарылуунун үнү угулса чочулап, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Чек ара кызматы 4-май, 09.30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экенин жана түндө кандайдыр бир окуялар катталбаганын билдирди. Чек арачылар, тартип коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны 36га жетип, 183 киши жараат алды. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады. Жүзгө жакын турак жай талкаланып, өрттөлдү.

Тажикстандын өкмөтү жабыркагандар жана курмандыктар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.

Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары чек арадагы коогага байланыштуу кылмыш иштерин козгошту.

Дагы караңыз

Бишкек-Дүйшөмбү: Чек араны чечүү айласыЧек ара: Маалымат таратууда жоопкерчиликти ким алат? Суваналиев: Кырдаал тынч, качкандар кайтып жатышатБекзоддун изги тилектери орундалбай калды...Иликтөөчү кыздар: Журналисттик принциптен тайбайбыз