Польша, Украина жана Балтика өлкөлөрүнүн президенттери дүйшөмбүдө Варшавада жолугуп, кызматташтык жана демократиянын фундаменталдык принциптерин колдоо боюнча декларацияга кол коюшту.
«Бардыгыбыз үчүн биздин жалпы коопсуздугубузга коркунуч туулган шартта биздин элдердин тилектештиги тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү үчүн абдан маанилүү», - деп жазылган украин президенти Владимир Зеленскийдин расмий сайтында.
Мамлекет башчыларынын жолугушуусу поляк королдугу менен Литва княздыгынын Посполита Конституциясынын кабыл алынышынын 230 жылдыгына карата болду. Бул документ 1791-жылы саясий системаны, укуктун үстөмдүгүн бекемдөө жана коңшулаш державалардын, анын ичинде Орусиянын баскынчылыгынан коргоого багытталган.
Бул Конституция Европадагы эң алгачкы демократиялык документ катары аталган. Бирок бул документ кабыл алынгандан төрт жыл өткөндөн кийин Орусия, Пруссия жана Австриянын ортосундагы аймак бөлүнүп, көз карандысыз Польша мамлекет катары жашабай калган.
Дагы караңыз
АКШдагы кыргызстандыктар БУУнун алдына акцияга чыгыштыБШК Токмоктогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгардыБашкы прокуратура: Тажикстан келишимдерди бузуп, Кыргызстандын аймагын басып алуу аракетин көргөнКыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал