Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 30-апрелде жыйынга чогулуп, Конституция тууралуу референдумдун жыйынтыгын бекитти. Ага ылайык, 21 шайлоо комиссиясындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды.
БШКнын маалыматына караганда, референдумга добуш берчү жарандардын жалпы саны 3 606 201ди түзгөн. Анын 36,66 % (1 322 124) шайлоого катышкан. Добуш бергендердин 79,32% (1 048 660) Кыргызстанда президенттик башкаруу системасын кайра орното турган Конституциянын долбоорун колдогон. Калган 13,72 % (181 370) каршы добуш берген.
БШК референдумдун жыйынтыгы тууралуу токтомун президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына жана "Эркин-Тоо" гезитине жарыялоо үчүн жөнөттү.
Буга чейин жаңы Баш мыйзам кабыл алынса бийликтин бир колго топтолушуна жол ачат деген сын-доомат айтылган. Конституциялык реформаны жактагандар Кыргызстанда 10-январдагы референдумда шайлоочулардын 80% президенттик башкаруу системасын колдошконун, ага жараша жаңы Баш мыйзам иштелип чыкканын белгилеп келишет.
Кыргызстанда 11-апрелде Конституция тууралуу референдум менен кошо жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн.
Дагы караңыз
HRW: Чек арада аскер мыйзамдары бузулганы иликтенсин"Головнойдо" кыйылган 25 өмүрЧек ара кризисин чечүү жолдоруЧек ара: эксперттер байкаган табышмактуу жагдайларКескин: Вандык кыргыздар Баткендеги окуяга кабатыр