3-майдан 11-майга чейин Талас облусундагы бардык мектептер онлайн окутууга өттү. Мындай чечим 29-апрелде Коронавируска каршы облустук ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынган.
Ошондой эле бул күндөрү көңүл ачуучу жайларга, маданий иш-чараларга жана элдик сейилдөөлөргө тыюу салынат. Жеңиш майрамына карата пландалып жаткан республикалык ат оюндары токтотулду. Чектөөлөр кырдаалга жараша жумшартылмакчы.
Буга чейин Талас шаарындагы №9 орто мектебинин бир окуучусунан жана ашканадагы кызматкерден коронавирус чыкканы кабарланган.
Соңку бир айда Талас облусунда 51 адамдан вирус аныкталган.
3-майга карата республика боюнча вирус дагы 277 кишиден табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаары менен Чүй облусунда. (MKt)