G7 орус пропагандасына каршы чараларды талкуулайт  

"Чоң жетиликке" АКШ, Британия, Германия, Франция, Италия, Жапония жана Канада кирет.

Дүйшөмбү күнү "Чоң жети" (G7 - Group of Seven ) тобуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Лондондо орусиялык пропагандага жана жалган маалыматтарды таратууга каршы ыкчам механизмдерди иштеп чыгууну талкуулайт.

G7 өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери эки жылдан бери биринчи жолу бетме-бет жолугушат. Дүйнөлүк эрежелерди бузууну каалаган күчтөргө каршы чара көрүүдө “Чоң жети” тобунун ролун бекемдөөнү сүйлөшүшөт.

Европалык жана британдык атайын кызматтар Орусия менен Кытай COVID-19 илдетине каршы чыккан вакциналар жана шайлоолор тууралуу жалган маалымат таратып жатат деп эсептешет.

“Карандай калптар менен фейк жаңылыктарды көргөндө биз аларга карата ар бирибиз ар башкача эмес, баарыбыз биргеликте төгүндөп, биздин жарандарга жана дүйнө жүзүнө чындыкты айтып турушубуз абзел” – деди британ тышкы иштер министри Доминик Рааб.

Орусия мындай айыптоолорду четке кагып келет. Түштүк Корея, Австралия, Индия, жана ТАРдын өкүлдөрү катышкан “Чоң жетиликтин” тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу 5-майга чейин уланат.

Анда климаттын өзгөрүүсүнө, ачкачылыктын алдын алууга, вакциналарды адилет бөлүштүрүү жана адам укугуна байланыштуу маселелер да каралат.

Дагы караңыз

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалБаткен коогасында жараат алган дагы бир жаран каза болду Ташиев: чек арадагы тилкелер жаңжалга чейинки абалында калатCOVID-19: үч бейтап көз жумду, оору дагы 277 адамга жуктуКыргызстан чек арадагы кооганын чыгымдарын эсептей баштады