Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы үч бейтап көз жумду. Дагы 277 адамдан оору жаңы аныкталды. Ооруп жаткандардын арасынан 202 киши айыкты.
Республикалык оорулардын алдын алуу борборунун вирусологу Зуридин Нурматов 3-майда билдиргендей, соңку суткада илдет аныкталгандардын 94% көбү Бишкек шаарына туура келет. Андан кийинки орунда Чүй облусу турат.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1622ге жетти. Илдетти жугузуп алгандардын жалпы расмий саны 96 337, айыккандар 89 921 кишини түздү.
Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий эсепте 3-майга карата 30 минден ашуун киши вакцина алды. (SE)
Дагы караңыз
Кыргызстан чек арадагы кооганын чыгымдарын эсептей баштадыКыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалУКМК кыргыз-тажик чек арасында абал тынч экенин билдирдиЯтимов: Аскерлерди чек арадан чыгардык, абал тынч“Каганат Инвест” холдинги чек арада жабыркагандарга 20 үй куруп берет