Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өткөнүн, 3-май, саат 9:30га карата абал туруктуу экенин маалымдады.
Ага ылайык, чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп атышат. Кыргызстандын жана Тажикстандын аскерлеринен турган комиссия аймактарды кароодон өткөрүүдө.
28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Баткен облусунда 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлгөн.
Расмий маалыматка ылайык, коогада 34 кыргызстандык набыт болуп, 178 киши жараат алды. Үй-жайын таштай качып, куралдуу кагылыш жүргөн аймактан коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 50 миңге жетти.
Тажик бийлиги соңку жаңжалда канча адам жабыр тартканын расмий кабарлай элек. “Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянып, 16 адам каза тапканын, 90 жараны жараат алганын жазды. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.
Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери ок атууну токтотуу жана аскерлерди чек арага жакын аймактардан чыгаруу боюнча келишимге кол коюлганын билдирген. (SE)
Дагы караңыз
Ятимов: Аскерлерди чек арадан чыгардык, абал тынчЭсентур эл үчүн күйгөн жигит эле...“Каганат Инвест” холдинги чек арада жабыркагандарга 20 үй куруп беретБаткендик жаштар программисттикке акысыз окутулатHRW: Чек арада аскер мыйзамдары бузулганы иликтенсин"Эл аралык коомчулук Баткенге көңүл бурсун"Кулунду: мөндүрдөй жааган ок, тоого качкан элЖаңжалдан кийинки Максат айылыЧек ара: Эл жардамга муктаж"Головнойдо" кыйылган 25 өмүрЧет жактагы кыргызстандыктар тажик элчиликтеринин алдына акцияга чыгыштыПрезидент Жапаров чек арадагы окуялар боюнча элге кайрылды