3-майдын аба ырайы

3-майда Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 10…15 күндүз 26…31;

Талас облусунда түнкүсүн 9…14 күндүз 25…30;

Баткенде түнкүсүн 12…17 күндүз 30…35;

Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 12…17 күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11 күндүз 22…27;

Нарында түнкүсүн 7…12 күндүз 23…28;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2 күндүз 9…14 градус болот.

3-майда Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз жамгыр жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 12…14°, күндүзгү жогорку температурасы 29…31° ысык болот.

Чукул билдирүү

3-майда чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолунун 121-138- (Төө-Ашуу ашуусу), 198-246- (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жолунун 199-215- (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу), Ош-Сары-Таш-Эркештам жолунун 165-179- (Талдык ашуусу) жана Каракол-Эңилчек жолунун 76-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшөт, жолдордун айрым тилкелери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Дагы караңыз

Отунбаева абалды курчутуп албаш үчүн элди сабырдуулукка чакырдыУКМК Тажикстан кыргыз айылдарын авиаракета менен атканын билдирдиCESS: Кыргызстандагы окумуштууларга каршы басым жүрүп жататЧек арадагы тиреште 100дөй турак жай өрттөлгөнКоронавирустан бир күндө жети бейтап каза болдуЧек ара: 33 миңден ашуун киши коопсуз жайга көчүрүлдү