Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча Европарламентке маалымат берилди

Кыргызстандын жана Евробиримдиктин желектери

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрага орун басарлары Абдывахап Нурбаев жана Каныбек Иманалиев кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча Европарламенттин Борбор Азия өлкөлөрү жана Монголия менен достук тобунун төрагасы Фульвио Мартусчелло менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат Абдывахап Нурбаев билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүү учурунда Европарламенттин мүчөсүнө чек арадагы кырдаал боюнча маалымат беришкен.

“Биз Мартусчелло мырза менен чек арадагы акыркы кырдаал, келип чыккан себептери жана тынч жарандарга карата мыйзамсыз аракеттер тууралуу баарлаштык. Мындай учурда Европарламенттин кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу объективдүү маалымат алганы маанилүү. Европарламент өкүлү соңку окуяларга өкүнүчүн жана бул жагдайга эл аралык коомчулук көңүл бурушу керек экенин билдирди”,-деп айтты Нурбаев.

Абдывахап Нурбаевдин айтымында, сүйлөшүү учурунда Евробиримдик менен кызматташтык, Кыргызстанда аткарылып жаткан программалар жөнүндө да сөз болгон.

Буга чейин Европа Биримдигинин дипломатиялык мекемеси болгон Европанын Тышкы байланыштар кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалдан улам билдирүү таратты. Анда Еврошаркет коңшу мамлекеттердин ок атууну токтотуу жана чек ара маселелерин саясий жол менен жөнгө салуу келишимин кубаттаган.