Бүгүн, 1-майда Баткен облусунун Кызыл-Бел айылынан үй- жайын таштап 12 аял, 20 бала, 7 эркек киши келди.
Алар Ош шаарындагы "Адеп башаты" фондунун имаратына жайгаштырылды. Алар менен Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов жолугушуп, азык-түлүк тапшырды. Учурда качып келгендердин саламаттыгына дарыгерлер көз салууда.
"Келген жарандардын бири "Адеп башаты" фондунда иштегендер менен тааныштыгы бар экен. Түз эле ошол жерге келишиптир. Азыркы учурда аларды тамак-аш менен камсыздоо иши колго алынды",-деди Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров.
Шаардыктар да Баткен облусунан келгендерди өз үйлөрүнө жайгаштырууда.
30-апрелде Ош шаарынан жана Ош облусунан 5 миллион сомдук гуманитардык жардам Баткен облусуна жөнөтүлгөн. Жардамды карапайым адамдар чогултуп жатышат. (MrA)