2-майдын аба ырайы

Кыргызстан. Кегети.

2-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Баткен облусунун тоолорунда кар жаайт, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Нарын облусунун кээ бир жерлеринде жаан, тоолорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 23…28;

Талас жергесинде түнкүсүн 7...19, күндүз 25…27;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;

Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 26…28 градус болот.

Дагы караңыз

Жапаров жана Рахмон чек арадагы абалды талкуулаштыЛейлекке жөнөтүлгөн гумжардам артка кайтууда, тургундар жөө калганын айтып жатышатКоронавирус бир күндө сегиз бейтаптын өмүрүн алды, 477 кишиден табылдыБаткен: Чек арадагы кагылыштын курмандыктары 33кө, жаракат алгандар 163кө жетти