Кыргызстанда 1-2-май улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

Баткендеги куралдуу кагылышта каза болгон чек арачы Эсентур Кубанычбековдун тажиясы. Нарын облусу. 30-апрель, 2021-жыл.

Кыргызстанда 2021-жылдын 1-2-май күндөрү жалпы улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 1-майда кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдын натыйжасында карапайым адамдар арасында дагы, аскер кызматкерлер арасында да көптөгөн курмандыктар жана жаракат алгандар болгону айтылат. Андан жергиликтүү тургундарга жана юридикалык жактарга ири өлчөмдө материалдык зыян да келгени белгиленген. Жапаров курман болгондордун жакындарына, туугандарына көңүл айтуу менен эки күндү катар менен улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыялаганы жазылган.

Жарлыкка ылайык, бул күндөрү өлкө боюнча, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары түшүрүлөт.

Маданий мекемелер жана телерадиокомпанияларда көңүл ачуучу программалар берилбейт.

Өкмөттүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү тапшырмасы берилген.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болгон.

29-апрелде үйлөр жана имараттар өрттөлүп, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.

Акыркы маалыматтарга караганда, жараат алган кыргызстандыктардын саны 154, каза болгондор 31 киши.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 12 киши каза болгонун маалымдашты.

Баткен облустук милициясы Тажикстан менен чектеш аймактарда 1-майга караган түн тынч өткөнүн, атышуу жана башка окуялар катталбаганын билдирди.

Интернеттеги социалдык тармактарда Баткен шаарында жана Лейлек районунун чек арага жакын жайгашкан айрым айылдардын бир катар жашоочулары түндө кооптонуп, үйлөрүндө түнөбөгөнүн айтып жатышат. (NT)

Дагы караңыз

Кабири: Тажиктер кыргыздардын жакшылыгын унутпашы керек"Чек арадагы кырдаалга эки өлкөнүн бийлиги жооптуу"Европа Биримдиги: Эки коңшу чек араны тынч жол менен жөнгө салсынЕврошаркет Бишкек менен Дүйшөмбүнү чырды ырбатпоого чакырдыСуваналиев кыргыз-тажик комиссиясынын макулдашуулары жөнүндө айтып берди Тажикстан Ош-Исфана жолуна кетчү көчөнү ачып, Кызыл-Белге кирген аскерлерин чыгарып кетти