Тажикстандын оппозициясынын бозгундагы лидери, Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады.
Учурда Европада жашап жүргөн саясатчынын билдирүүсү Youtube порталындагы баракчасына жайгаштырылды. Анда Кабири эки өлкөнүн элин ынтымакка чакырып, акыркы жаңжалга бийликтин, саясатчылардын аракетсиздиги себеп болгонун билдирди.
“Кыргыз жана тажик эли кылымдар боюнча жанаша жашап келе жатышат. Тарых, маданият, динибиз бир. Тажик эли, анын ичинде жеке мен, дегеле жарандык согушту башынан өткөргөндөрдүн баары тажиктердин элдешүү сүйлөшүүсү Бишкекте өткөнүн унутпайт. Эң кыйын кырдаалдарда кыргыз эли миңдеген тажиктерге боор ачканын унутпайт. Кыргызстандын ал кездеги президенти Аскар Акаевдин апасы каза болгон учур эле. Ал тажиктер протоколго кол коймойунча апамды жерге берүүгө мүмкүнчүлүк бербейм” деп туруп алган. Тажиктер ынтымакка келмейинче апасынын тажыясына барган эмес. Ал үчүн, кыргыз эли үчүн тажиктердин тынчтык сүйлөшүүсү абдан маанилүү болгон. Биз муну эч качан унутпайбыз жана унутпашыбыз керек”, - деген.
Тажик саясатчысы Тажикстанда жарандык коом, оппозиция басым алдында калганын, бардык чечимдер президент Эмомали Рахмон баштаган чакан топтун колунда экенин белгилеген. Ошондуктан, кыргыз жарандык коомун биргеликте аракет көрүүгө чакырган.
Кабири Тажикстандагы негизги оппозициячыл күч - Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери. Анын ишмердигине тажик бийлиги тыюу салган. Ал 2015-жылдан бери чет жакта жүрөт. Тажикстандын Жогорку соту аны 2018-жылы узак мөөнөткө эркинен ажыраткан өкүмдү сыртынан чыгарган. Партия ошондой эле тажик бийлиги аларды саясий сахнадан сүрүп чыгарыш үчүн "террордук топ" деп атаганын билдирип келет.
Дагы караңыз
Чек арада абал курч бойдон калуудаКыргыз-тажик чек арасы: жоготуулар жана курмандыктар Еврошаркет Бишкек менен Дүйшөмбүнү чырды ырбатпоого чакырдыТажикстан Ош-Исфана жолуна кетчү көчөнү ачып, Кызыл-Белге кирген аскерлерин чыгарып кетти Жапаров: Чек арадагы калаба чагымчыл күчтөрдүн айынан чыкты, кырдаалды тынч чечип алалы деп келиштик