Баткен районунун Көк-Таш айылындагы ок атуу учурунда каза болгон 26 жаштагы Чыңгыз Темирбаевдин сөөгү 30-апрелде жерге берилди.
Маркумдун классташы, өзүн Акжол деп тааныштырган жигит “Азаттыкка” айтып бергендей, ал 29-апрелде каза болгон:
“Кичи пейил, бардыгына активдүү катышкан, көңүл бурган жакшы досубуз эле. Балким ок тийгендир, эки снайпер иштеп жаткан деп айтышты. Досум бир туугандарынын эң улуусу болчу. Үй-жай салып, бөлүнсөм деген ниети болсо керек”.
Темирбаев Бужум айылынын тургуну болчу. Артында эки баласы калды.
Классташынын айтымында, эки-үч ай мурда кичүү баласы төрөлгөн, улуусу чоңоюп калган.
Жалпысынан Көк-Таштагы атышуу учурунда Бужум айылынан төрт киши каза болду.
28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, 29-апрелде үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.
Жараат алган кыргызстандыктардын саны 154, каза болгондор 31 экени 30-апрелде саат 18де маалымдалды.
Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө. (AiB)
Дагы караңыз
Кызыл-Белде тынбай уланган атышуу токтодуОкко учкан жоокер Нурсултан Манасбек уулунун сөөгү 1-майда жерге берилетОкко учкан жоокер Кубанычбеков Баткенге эки апта мурун барганКыргызстан Баткенди калыбына келтирүүгө БУУдан көмөк сурады