Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунан (БУУ) Баткенде талкаланган объектилерди калыбына келтирүүгө жана үй-жайын таштап качкан тургундардын ордуна кайтуусуна жардам күтөт. Бул тууралуу 30-апрелде тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө айтты.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Казакбаев БУУнун программаларынын жана долбоорлорунун бир бөлүгүн Баткенди калыбына келтирүүгө буруу зарылчылыгын белгиледи.
Наталья Герман эки тарапка тең кырдаалды жөнгөрүүгө техникалык жардам берүүгө даярдык бар экенин билдирип, БУУнун башкы катчысы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга тыкыр көз салып турганын кошумчалады. Улуттар Уюму тараптарды чечилбеген маселелердин баарын тынч жөнгөрүү боюнча түз сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырды.
28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, 29-апрелде үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.
Жараат алган кыргызстандыктардын саны 154, каза болгондор 31 экени 30-апрелде саат 18де маалымдалды.
Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө. (RK)
Дагы караңыз
Окко учкан жоокер Кубанычбеков Баткенге эки апта мурун барганСадыр Жапаров тажик президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөштүБаткен: Ок тийген окуучу кыздын сөөгү жерге берилди Чек арада каза болгон кыргыз жарандары 31ге жетти