Окко учкан жоокер Нурсултан Манасбек уулунун сөөгү 1-майда жерге берилет

Нурсултан Манасбек уулу

29-апрелде Баткенде окко учкан аскер Нурсултан Манасбек уулунун сөөгү 1-майда Аксы районуна караштуу Дейрес-Сай айылында жерге берилет. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Камбаралы Калмырзаев билдирди.

Нурсултан Манасбек уулу Дейрес-Сай айылында 1992-жылы туулган. Төрт бир туугандын үчүнчүсү.

Нурсултан мектепти 2010-жылы аяктаган. 2015-жылы жогорку аскер окуу жайын бүтүргөн. Ошол эле жылы Мамлекеттик чек ара кызматынын 2028-аскер бөлүгүндөгү 3-топтун командири болуп дайындалган.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 29-апрелде Кыргызстандын чек ара кызматынын үч жоокери мерт болду.

Соңку маалыматка ылайык, жаңжалдан каза болгондордун жалпы саны 31ге жетти.

Маалыматка ылайык, 154 киши жараат алган. Анын 23ү күч структурасынын кызматкерлери.

Жараат алгандардын 49у Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылган. Ал эми Тажикстандан канча адам жабыркаганы тууралуу расмий кабар айтыла элек.

"Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда сегиз тажикстандык мерт болушу мүмкүн экенин жазды. 90 адам жараат алганы кабарланды. (TB)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров тажик президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөштүБаткен: Ок тийген окуучу кыздын сөөгү жерге берилди Чек арада каза болгон кыргыз жарандары 31ге жеттиТүркПА кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга камтамачылык билдирдиИндияда коронавируска байланыштуу абал жакшыра элекЕврошаркет Бишкек менен Дүйшөмбүнү чырды ырбатпоого чакырдыЖеңиш күнүнө карата уюштурулуп жаткан Ат оюндары өтпөй турган болду