Чек арада каза болгон кыргыз жарандары 31ге жетти

29-апрель, 2021-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасында каза болгондордун жалпы саны 31ге жетти. Бул тууралуу 30-апрелде саат 18де "Азаттык" радиосуна саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Маалыматка караганда, жалпысынан 154 киши жараат алган. Алардын 23ү - күч структурасынын кызматкери.

Жараат алгандардын 49у Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылган.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, 29-апрелде үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө. (MiK)

Дагы караңыз

ТүркПА кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга камтамачылык билдирдиБаткен: Ок тийген окуучу кыздын сөөгү жерге берилди Индияда коронавируска байланыштуу абал жакшыра элекЕврошаркет Бишкек менен Дүйшөмбүнү чырды ырбатпоого чакырды