Марипов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеште чек ара маселесин көтөрдү

Улукбек Марипов.

Кыргызстандын премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырды. Өкмөт башчы бул тууралуу Орусиянын Казань шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында айтты.

“Биз Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен түзүлгөн кырдаалды талкууладык. Анда саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынч жол менен жөнгө салууга даяр экендигибизди билдирдик. Кыргыз тарап ок атууну токтотуу жана конструктивдүү сүйлөшүүнү улантууга макул”, - деди Марипов.

Марипов менен Расулзода 29-апрелде Казанда жолугуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Марипов Орусияда жумушчу сапар менен жүрөт. Ал кечээ, 29-апрелде орус өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолуккан. (MiK)

Дагы караңыз

Уларбек Шаршеев: өрт чыккан чек ара тозоттордон жоокерлер кеткен жокӨзбек президенти Жапаров жана Рахмон менен чек арадагы абалды талкууладыОрусия: Коррупцияга каршы күрөш фондунун адвокаты кармалдыОкко учкан жоокер Кубанычбеков Баткенге эки апта мурун барганЧек ара чырында мерт болгондордун тизмеси жарыяландыТашиев тажик тарап менен сүйлөшүү өткөрдүЧек ара чырынан жабыркагандарга гумжардам чогултулуп жатат