Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарда чыккан жаңжалдан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Таластан Баткенге жети дарыгер жөнөп кетти.
Бул тууралу өкмөттүн Таластагы өкүлчүлүгү маалымат таратты. Жолго чыккан дарыгерлердин кесиби хирург-травмотолог.
Аларды 30-апрель түнү облус башчысы Бакытбек Нарбеков узатты.
Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта 28-апрелде чек ара чыры чыгып, 29-апрелде абал курчуган.
Акыркы маалыматтар боюнча кыргыз тараптан жараат алгандардын жалпы саны 134 адам. 13 адам каза тапканы кабарланууда. (MKt)
Дагы караңыз
Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Баткенде эл менен жолугуштуКыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалЧек арада каза болгон аскердин сөөгү Бишкекке жөнөтүлдүАркадий Дубнов: чек арадагы чыр кокустук эмес