Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Баткенде эл менен жолугушту

Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Баткенде эл менен жолугушуу учурунда. 30.04.2021

Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Баткенде облустук администрациянын алдында бүгүн 30-апрелде эл менен жолугушуу өткөргөнүн “Азаттыкка” жергиликтүү тургундар билдиришти.

Өмүралиев элди сабырдуулукка чакырып, кырдаал акырындык менен жөнгө салынып жатканын билдирген. Жолугушууга вице-премьер-министр Артем Новиков жана өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев да катышты.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-30-апрелде да уланды. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Соңку маалыматка караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө. (MiK)

Дагы караңыз

Чек арада каза болгон аскердин сөөгү Бишкекке жөнөтүлдүМинистрлик: Чек арада жараат алгандар 134 адам, алардын 13ү каза болдуБаткен: Эвакуация болгондорду жайгаштыруучу алты жай иштеп жататЧек ара чырынан жарадар болгондордун саны 124 адамга жеттиЛейлек: Ок атышуу уланып, айылдарда үй-жайлар өрттөндү Израилдеги диний майрамда сахна кулап, ондогон адам каза тапты