«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун жетекчиси Жейми Флай Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын үй-бүлөсүнүн "Азаттык", "Клооп", "24.kg" маалымат каражаттарына жана журналист Али Токтакуновго каршы доо арызы менен козголгон иштин кыскартылышын эл аралык медиа мекеме канааттануу менен кабыл алганын билдирди.
«Азаттык» радиосунун Матраимовдун коррупциялык схемасын ачып, эл аралык сыйлыктарга татыган иликтөөсүндө берилген маалыматтын баары так болчу. Биздин тайманбаган журналисттер айлап созулган коркутууларга, Интернеттеги куугунтукка жана басым-кысым үчүн атайын уюштурулган кампанияларга карабастан, бул иликтөөнү ишке ашырды. Биз Кыргызстандын бийлигин журналисттерди коркутуп-үркүткөндөрдүн аракеттерин иликтеп, жоопкерчилигин кароого чакырабыз", - деди Флай.
Матраимовдор маалымат каражаттарына жана журналистке каршы койгон доосунан баш тартканы 23-апрелде маалым болгон.
2019-2020-жылдары «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору», (OCCRP) анын «Kloop» медиасы кыргыз бажысындагы коррупциялык схемалардын, аларды Матраимов калкалап тургананын бетин ачкан иликтөөлөрдүн сериясын жарыялаган.
Бул иликтөөлөр эл аралык алкакта чоң резонанс жараткан. Матраимовдор соттон маалымат каражаттарынан жалпысынан 60 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.
11-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду жемкорлук кылган деп таап, 260 миң сом айыпка жыккан.
Матраимов өзү жана башка кызмат адамдары 2016-жылы бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын мойнуна алышкан. Экс-бажычы мамлекетке келтирген 2 миллиард сомдук зыянды төлөп берген.
УКМК Матраимовго карата кылмыштуу кирешени адалдоо боюнча да иш козгоп, быйыл 18-февралда камакка алган. 15-апрелде далил табылбаганын билдирип, териштирүүнү токтотуп, аны эркиндикке чыгарган.