Министрлик: Чек арадагы чырда 31 адам жарадар болду

Баткендеги оорукана.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 29-апрель, саат 20:00гө карата маалыматы боюнча, Баткен жана Лейлек райондорунда медициналык жардам сурап 31 адам кайрылды.

Министрдин орун басары Ализа Солтонбекованын айтымында, алардын бирөө каза болуп, дагы бирөө үйүнөн дарыланууда. Калган 29 адам ар түрдүү жаракаты менен Баткен облусундагы мединалык мекемелерге жаткырылды.

“Жаңжал болуп аткан жерде Тез жардам кызматынын үч тобу нөөмөттө турат. Кошумча Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун базасында дарыгерлердин төрт бригадасы уюштурулду. Баткен облустук ооруканасы менен Исфана аймактык ооруканасында реанимация жана хирургиялык орундар даярдалды. Ош шаарынан беш дарыгер, Бишкектен саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев баштаган 11 дарыгер Баткенге сапар тартты”, - деди Солтонбекова.

Министрликтин басма сөз кызматы учурда Баткенде дары-дармек жетиштүү экенин, 54 тонна азык-түлүк жиберилгенин маалымдады.

28-29-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болду. Коңшу өлкөнүн "Ховар" улуттук маалымат агенттиги 29-апрелде чек арадагы чатактан эки тажик жараны жараат алганын билдирди. 28-апрелде жети киши жабыркаганы кабарланган. (BCh)

Дагы караңыз

Чек ара: Өзбекстан коңшуларды ынтымакка чакырдыБаткен: Атышуу Лейлекте да башталдыБаткен: "Төрткүл" чек ара тозотунун имараты күйүп жататОш: Активисттер чек арада жабыркагандарга гуманитардык жардам чогулта башташтыКечки Азаттык (2-чыгарылыш)