Өкмөт башчы Марипов Татарстанда жумушчу сапар менен жүрөт

Премьер-министр Улукбек Марипов менен Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин.

Премьер-министр Улукбек Марипов Орусияда жана Татарстанда жумушчу сапар менен жүрөт. Ал бүгүн, 29-апрелде Казан шаарында Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Марипов орус өкмөт жетекчилигине “Спутник V” вакцинасынын биринчи партиясын гранттык негизде бергени үчүн ыраазычылык билдирип, 1-апрелден тартып Кыргызстан “COVID-19суз саякаттайм” тутумуна расмий кошулганын билдирди.

Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн Кайчылаш жылы алкагында кызматташтык маселесин талкуулашты. Марипов Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинди 2021-жылдын күз айларында Кайчылаш жылды жабуу аземине Бишкекке чакырды.

Буга чейин Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жылы тууралуу чечим 2019-жылдын 28-мартында Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкө башчылары тарабынан кабыл алынган.

Кайчылаш жылдын алкагында эки өлкө ортосунда маданий, экономикалык иш-чаралар өтмөк. (BCh)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров чек ара боюнча кайрылуу жасадыКыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалДүйшөнбек Чоткараевдин камактагы мөөнөтү узардыБаткен: Жараат алган 17 адамдын бири каза болду