Баткенде, кыргыз-тажик чек ара тилкесинде чыр жыккан жерде кырдаалды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу 29-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, “29-апрелде саат 14.00дө Тажикстандын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери Баткен облусунун Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу тосмо жайында миномет, пулемёт жана автомат менен жапырт аткылоо башташты. Уларбек Шаршеев кырдаалды координациялап, тажик чек арачылары козгогон куралдуу чыр-чатакты басуу боюнча чара көрүп жатат”.
28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болгон. 29-апрелде атышуу уланды.
Коңшу өлкөнүн чек ара мекемеси чырды кыргыз тарап баштаганын билдирди. (JsA)
Дагы караңыз
Суваналиев: Тажикстан “Головнойду” чогуу көзөмөлдөөнү сунуш кылган Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылуудаЧек ара чыры чыккан жерде жол буулдуЧек ара: Бишкектеги митингде бийликке бир канча талап айтылды