УКМК: Ташиев дарылануу үчүн чет өлкөгө учуп кеткен

Камчыбек Ташиев.

Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда эмес. Бул тууралуу 29-апрелде "Азаттык" радиосуна мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Ташиев 28-апрелде дарылануу үчүн чет өлкөгө учуп кеткен.

УКМК жетекчиси кайсы өлкөгө кеткени так айтылган жок.

Ташиев ден соолугуна байланыштуу быйыл кышында да чет жакта дарыланып келген. 12-февралда ал Германиянын борбору Берлин шаарындагы клиникалардын биринде жүрөгүнөн операция болгон.

Өкмөттүн жаңы структурасына ылайык, Чек ара кызматы УКМКга өткөн.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында башталган жаңжал токтой элек. (RK)

Дагы караңыз

Бишкекте чек ара маселесине байланыштуу митинг өтүп жататКыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылуудаCOVID-19: Бразилияда өлгөндөрдүн саны 400 миңге жакындадыБаткен бийлиги чек арада абал тынч, кырдаал толук көзөмөлдө экенин айтты