Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда дагы бир адам жарадар болду

Чек арадагы акыркы абал

Баткен областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 29-апрелде эртең менен 5:45тер чамасында Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажикстандык жарандар ок атуучу курал колдонуп, ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолундагы боюнда жайгашкан Тажикстандын Майский айылы тараптан жолдон өткөн автоунааларга таштар ыргытылып баштаганын кабарлады.

"Бул факты Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыш жана жазыктарды каттоо реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишке алынган.

Тажик тарап аткан октон Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургунунун оң көзүнө ок тийип, айылдык ооруканага түшкөн. Бул жагдай да Баткен райондук ички иштер бөлүмү тарабынан катталып, Жазык кодексинин 39/130-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

"Азыркы учурда Көк-Таш айыл элинин коопсуздугун сактап, абалды турукташтыруу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда", - деп билдирди Баткен областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Баткендеги "Азаттыктын" кабарчысы азыркы тапта Көк-Таш айылынан жергиликтүү бийлик балдар менен аялдарды алып чыгып кете албай убара болуп жатышканын кабарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү 28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тууралуу маалымат берип, азыр абал чыңалган абалда деп билдирген.

"Головной" тилкесиндеги 28-апрелде болгон кагылышуудан тажик тараптан төрт, кыргыз тараптан үч адамга таш тийип жарадар болгону айтылган.

УКМКнын Чек ара кызматы "тажик тарап маалыматтарды бурмалап, эки элди козутуп жатат" деп билдирүү таркатты. (JsA/BCh)

Дагы караңыз

Баткен: Чек арада ок атышуу болуп жатат Чек ара чыры: эки тараптан тең жараат алгандар барЧек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалып туратБаткен: чек арада абал салыштырмалуу турукташты