29-апрелдин таңында Баткен районунун Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чек арасында ок атышуунун үндөрү угулуп жатат. Бул тууралуу "Азаттыктын" Баткендеги кабарчысына Көк-Таш айыл аймагынын башчысы Разия Өсөрова кабарлады.
Анын айтымында, ок атышуудан чочулаган 50-60тай айылдын кары-картаң кишилери, аялдары мечитте топтолуп турат.
"Таңкы саат 4-5тен бери эле атышып жатышат. Кимдер атышканын билбейбиз", - деди Өсөрова.
"Азаттыктын" Баткендеги кабарчысына жергиликтүү тургундар Ош-Исфана жолунун Жака-Өрүк участогу жабылып, каттам токтогонун, тажик тарап жолду тосуп алып каттагандарды өткөрбөй ок атып жатканын, Кыргызстандын бир жаранына ок тийгенин билдиришти.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы 29-апрелде түнкү саат бирлер чамасында "Головной" тилкесинде чогулган эки тараптын эли таркап кеткенин, абал салыштырмалуу туруктуу экенин кабарлаган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү 28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тууралуу маалымат берип, абал чыңалып турганын билдирген.
"Головной" тилкесиндеги 28-апрелде болгон кагылышуудан тажик тараптан төрт, кыргыз тараптан үч адамга таш тийип жарадар болгон.
"Азаттыктын" тажик кызматы Кожалы ( Хожа Аъло) айылынын тургунуна таянып 15 тажик жаранына таш тийгенин жазды.
УКМК Чек ара кызматы тажик тарап маалыматтарды бурмалап, эки элди козутуп жатканы тууралуу билдирүү таркатты. (JsA/BCh)
Дагы караңыз
Чек ара чыры: эки тараптан тең жараат алгандар барЧек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалып туратБаткен: чек арада абал салыштырмалуу турукташты"Samsung" мурастын эсебинен мамлекетке 11 млрд. доллар салык төлөйт