Сомалинин баш калаасы Могадишодо 28-апрелде жанкечти террорчу өзүн-өзү жардырып, кеминде жети адам каза болду, 11 киши жараат алды.
Бул тууралуу Могадишонун полициясы жана саламаттык сактоо кызматы кабарлады.
Кандуу калабанын жоопкерчилигин "Аль-Шабаб" экстремисттик тобу алды.
Полициянын басма сөз катчысы Абдикани Мохамед Калафтын айтымында, жанкечти эл көп чогулган жерге машинесин айдап барып, өзүн жардырарда полиция билип калып, кийлигишкен. "Болбосо ал дагы көп адамдын ажалына себеп болмок", - деди Калаф.
"Аль-Шабаб" Могадишодогу эл көп чогулган жерлерде теракттарды уюштуруп келген, "Аль-Каида" террордук уюму менен байланышы бар топ экени эскертилген. (BCh)
Дагы караңыз
Чек ара чыры: эки тараптан тең жараат алгандар барЧек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалып туратБаткен: чек арада абал салыштырмалуу турукташты"Samsung" мурастын эсебинен мамлекетке 11 млрд. доллар салык төлөйтИндиядагы коронавирус кризиси - коңшуларга коңгуроо