Ош ОИИБ: Кара-Суудагы жоолукчан окуучуну мектепке киргизбеген окуяга кийлигише албайбыз

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы (Ош ОИИБ) Кара-Суу районундагы мектепке жоолукчан окуучулардын киргизилбей жатканы боюнча иш жарандык тартипте чечиле турганын, ага милиция кийлигишпей турганын билдирди.

Ош ОИИБнын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаевдин маалыматында интернетке жарыяланган жоолукчан окуучунун мектепке киргизилбей жатканы айтылган видео боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бирок ал иш Жоруктар кодексинин 89-беренеси менен ("Журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу") беренеси менен каралууда. Ал эми жоолук маселесине облустук милиция кийлигише албайт.

«Мектепке киргизбей койгон факты боюнча тергөө жүрүп жатат. Ал эми жоолук салынганы же салынбаганына биз кийлигише албайбыз. Аны жарандык тартипте сотко бериши керек. Жоолук бул — адамдын өзүнүн укугу. Алардын укугу бузулган учурда сотко арыз жазылышы керек. Буга чейин бир да ата-энеден жоолукка байланыштуу арыз түшкөн эмес», — деди Аширбаев.

Милициянын маалыматында окуя 23-апрель күну Кара-Суудагы Ленин мектебинде болгон. Мектеп жетекчилиги окуяны ырастап, кыздарга ак жоолукка уруксат берилгенин башка түстөгү жоолук салынууга тыюу салынарын билдирди.

Жоолукчан кыздардын жалпы мектептен билим алуу маселеси Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. 28-апрелде парламенттин жалпы жыйынында депутат Айбек Осмонов жогорудагы окуяены айтып, тийиштүү мекемелердин бул боюнча маалыматын угууну сунуш кылды. (DU)

Дагы караңыз

Матраимовдун иши, медианын күчү Жарандык коом: митингден кийин кысым күчөдүЭкинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине 70 миң сомдон берилетКыргыз-тажик чек арасындагы ок атылган окуя боюнча сүйлөшүү жүрүүдөОоган түрмөсүндө 12 кыргызстандык жатканы маалым болду