Ооган түрмөсүндө 12 кыргызстандык жатканы маалым болду

Ооганстан. "Ислам мамлекети" тобунун кармалган мүчөлөрүнүн үй-бүлөлөрү. 2019-жыл.

Ооганстандын Улуттук коопсуздук башкармалыгынын башчысы Ахмад Зия Сараж жоочулардын катарында согушкан жана ар кандай оор кылмыштарга барган “Ислам мамлекети” террорчул тобунун 408 мүчөсү абакта отурганын билдирди.

Анын айтымында, бул адамдар кезинде Ооганстанга ар кайсы тараптан келип, жоочулардын катарында же болбосо мыйзамсыз куралдуу жалданма топтордун арасында жүрүп камакка алынган 14 мамлекеттин жарандары экени аныкталган.

Ахмат Зия Сараж учурда 14 мамлекеттин тиешелүү бийлик органдары менен абактагылар тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөнүн билдирди. Бирок ал кайсы мамлекеттер менен сүйлөшүү жүргөнүн жана анда абактагы чет элдик жалданмаларды өткөзүп берүү маселеси каралганын тактаган эмес.

Анын айтымында Ооганстандын түрмөлөрүндө отурган “Ислам мамлекети” тобунун 408 мүчөсүнүн 299у Пакистандан баргандар. Ахмат Зия Сараж ИГИЛдин 60 пайызын пакистандыктар түзгөнүн кошумчалады.

Ооганстанда куралдуу жалданма топтордун катарында жүрүп колго түшкөндөрдүн арасында Өзбекстандын 37, Тажикстандын 13 жана Кыргызстандын 12 жараны бар экени белгиленди. Мындан сырткары Түркиянын, Орусиянын, Кытайдын, Ирандын, Иорданиянын, Бангладештин, Индиянын жана Алжирдин жарандары бар экени айтылды.

Дагы караңыз

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атылган окуя боюнча сүйлөшүү жүрүүдөМатраимовдун иши, медианын күчү “Кемпир-Абад” талашынын жарым кылымдык тарыхыХасан Роухани: тараган аудио жик салууга багытталганТүркия: Карантинде туристтер эркин жүрө алышат