Кыргыз-Кытай чек арасында жайгашкан "Торугарт-автожол" жана "Эркечтам-автожол" өткөрмө пункттары 1-майдан 4-майга чейин жабылат. Мындай тартип Кытайдагы “Эмгек” майрамына байланыштуу киргизилип жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.
Торугарт жана Эркечтам жолдорундагы кыймыл 5-майдан тартып жанданат.
Кыргыз-кытай чек арасы адатта Курман айт, Жаңы жыл майрамдарында жана Кытайдын улуттук майрам-мааракелеринде жыл сайын жабылып турат. (MiK)
Дагы караңыз
БУУ чыр-чатактарда жарандык калкты коргоого чакырдыБажы кызматы төрт айда 11,6 миллиард сом чогулттуИндияда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 200 миңден аштыТаласта саяпкерлердин нааразылык акциясы өттүЗеленский: Орусиялык аскерлер каалаган учурда кайтып келиши мүмкүн